Эмчекти чоңойтуу боюнча операция(маммопластика)

Автор: Админ
1 ноября 2021 г.

Чоңойтуучу маммопластика, же сүт бездеринин эндопротездөөсү — импланттардын жардамы менен эмчектин формасын өзгөртүү жана чоңойтуу операциясы.


Эмчекти чоңойтуу операциясы эмизүү, жаш курагына байланыштуу өзгөрүүлөр, кескин түрдө арыктоо себептүү формасы жоголгон сут бездерин калыбына келтирүү жана сүт бездерин алып салуу боюнча жасалат.
 

Импланттардын кандай түрлөрү бар?
 

Эндопротездер тегерек жана тамчы формасында (анатомиялык) болот. Анатомиялык форма көкүрөк дубалынын сүт безине жылмакай өтүшү менен, арык кыздарга көбүрөөк ылайыктуу - ошондуктан эмчекти операция кылганы анча байкалбайт.


 

Эмчек пластикалык хирургиясы жана эмчек эмизүү.
 

Имплантаттар менен эмизсе болот. Алар суттун санына жана сапатына таасирин тийгизбейт. Бирок, эгерде периареолярдык кесүү болсо (ареоланын четинен кесүү) - сүт каналдары жабыркашы мүмкүн.
 

Эмчекти чоңойтуу операциясы эмчек эмизүү аяктагандан кийин алты айдан кийин жасалышы мүмкүн - бул убакыт аралыгында ткандар калыбына келип, гормоналдык фон нормалдашат.
 

Операция кандай жүрөт?
 

Кесүү үч жерден жасалышы мүмкүн:
• Сүт безинин астынан анын табигый бүктөмүн бойлото – сүт безинин астына;
• Ареоланын четинде – периареолярдык кесүү;
• Колтукта – колтукка кире.

 

Операция жалпы наркоз астында жасалып, 70 мүнөттөн 4,5 саатка чейин созулат.
Операциядан кийинк оору синдромдору үч күн бою сезилет. Текшерүүлөр айына бир жолудан өткөрүлөт, бирок аял дайыма хирург менен байланышта болот - каалаган убакта чала алат.
Операциядан кийин үч күн чалкасынан гана уктап, бир жарым ай компрессивдүү ич кийим кийүү керек.
Операциядан эки жума өткөндөн кийин, рулга отуруп, жыныстык катнашта боло аласыз, бир айдан кийин - машыгуу залына барып, колуңузга жана көкүрөгүңүзгө күч келтирбеген көнүгүүлөрдү жасасаңыз болот. Үч айдан кийин көмкөрөңүздөн уктоого уруксат берилет.
Эмчектин көрүнүшү алты айда бааланат.