Кош катаракта!

Автор: Админ
18 ноября 2021 г.

Катарактаны жоюу жөнүндө эмнени билүү керек?
 

Жаш өткөн сайын адамдын көзүндөгү чечекей тунуктугун жогото баштайт. Ал тунуктугун жоготкон сайын, адамга айланадагы нерселердин баары тумандагыдай даана эмес көрүнүп, бара-бара таптакыр көрбөй калат. Бул катарактанын себебинен.
 

Бул оору адатта 50-55 жашта башталат, ал эми 70 жаштын айланасында айыккыс болуп, көрүү начарлашы мүмкүн. Катарактага чалдыккан учурда көрүүнү операция жолу менен кайра калыбына келтирсе болот.  Операция тунарган чечекейди ультраүндүн жардамы менен факоэмульсификациялоо жана ордуна жасалма чечекей орнотуу менен коштолот. Операция учурунда көздө өз алдынча жабыла турган кичинекей тешиктер жасалып, ал аркылуу тунарган чечекейди ультраүндүн жардамы менен эмульсия абалына жеткенче кылдат майдалайт да, өтө ичке түтүк аркылуу көздөн сордурулуп алат. Анын артынан жасалма жумшак чечекей оролуп, кичинекей тешик акрылуу көздүн ичине орнотулат, жана ал көздүн ичинде өз алдынча жайылып, өзүнүн кадимки формасына келет. Операциянын жүрүшүндө ооруну басаңдатуучу тамчылар гана колдонулуп, бейтап эч кандай ооруну сезбейт, кадимки эле баарын туюп, жада калса хирург менен да сүйлөшө алат. Көрүү операция аяктап жатканда эле калыбына келе баштайт, жана бейтаптын көрүүсүнүн дароо эле калыбына келип калгандыгын баамдап, сүйүнгөнү офтальмохирургтарды кайдыгер калтырбайт. 

Операцияны жасатууда бирден-бир тоскоол- бул операцияга керектелүүчү каражат болуусу мүмкүн. Чындыгында операциянын баасынын көпчүлүк бөлүгүн жасалма чечекейдин наркы түзөт. Заманбап интраокулярдык линзаларды жогорку технологиянын жардамы менен иштеп чыгышат. Өзүңөр элестетип көргүлө, кичинекей акрилдин бир бөлүгүн көздүн ичинде кадимки линзанын кызматын аткарып калгандай кылып даярдоодо канчалык жогорку технология керектелээрин. Табигый чечекейдин функциясын жасалма чечекей аткарып кала тургандай кылып даярдап чыгуу, бир гана татаал иш эмес, бул фантастикага жакын маселе. Жакынкы убакытка чейин жасалма чечекейдин бир гана түрү бар болчу, ал бир гана алысты, же болбосо бир гана жакынкы аралыкты даана көрсөткөнгө гана кудурети жеткен. А бүгүнкү күндө табигый чечекейдин бүт функцияларын камтыган жасалама чечекейдин түрлөрү бар. Албетте Америка же Швейцарияда жасалаган жөнөкөй жасалма линзалар өзү эле бир кыйла акча турат, атайын технология менен жасалган мультифокалдуу линзаларды айпай эле коёлу. Операциянын баасын түшүрүүнүн бир эле жолу, жасалма линзанын арзан түрлөрүн колдонуу, бирок бул учурда операциянын маңызы кетет. Элестетип көргүлө, ушунча алдынкы, жаңы технологияны колдонуп операция жасап жатып, эң негизги нерсени- чечекейди ойдогудай сапатта орнотулбай калгандыгы аябай өкүнүчтүү, жана биздин клиника мындай жолдорго бара албайт. Анткени бул операция кишинин өмүрүндө бир гана жолу жасалат, жана эң жакшы, эң сапаттуу жасалма линзаларды тандап алууну талап кылат, а бул линзалар кишиге өмүр бою кызмат кылып берет. Ошондуктан өзүнүн жогорку ордун билген Офтальмологиялык лазер борбору бир гана сапаттуу, брендтеги жасалма линзалар менен иштейт, ар бир мындай линзалар атайын тастыктоочу документтер менен камсыз болуп, өздүк номерге да ээ. Булардын баары бейтаптын колуна берилет.    

Операциянын ийгилиги түздөн-түз хирургтун тажрыйбасы жана жабдуулардын деңгээли менен түздөн-түз байланыштуу болот. Тажрыйбалуу дарыгер гана жогорку технологиялык жабдууну колдонгондо жогорку деңгээлдеги натыйжа келип чыгат. Мындан улам дүйнөлүк деңгээлдеги офтальмологиялык  жардам алуу үчүн чет өлкөгө баруунун зарылдыгы жок: Кыргызстанда техникалык жабдылышы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы клиникалардан калышпаган клиника бар – бул “Офтальмологиялык лазер борбору”! Бул жерде текшерүүдө, операцияда колдонулуучу жабдуулар дүйнөлүк лидерлерден. Эң акыркы технологиянын жетишкендиктерин камтыган оптикалык биометр- ALADDIN (Topcon, Япония) катарактаны текшерүүдө колдонулган- VERION TM (Alcon, АКШ) жана ультраүн факоэмульсификатору- CENTURION Vision System (Alcon, АКШ) операцияда колдонулган микроскоп- LuxORTM LX3 (Alcon, АКШ). Мындай деңгээлдеги жабдуулар, атүгүл, медициналык туризми өнүккөн Турция жана Индиянын бардык эле офтальмологиялык клиникаларында жолуга бербейт. Ошол эле убакта, бул өлкөлөрдө дарылануу алда канча кымбат  турат. Мындай жабдуулар Батыш Европанын жана АКШнын алдыңкы клиникаларында, ал эми биздин өлкөбүздө – бир гана “Офтальмологиялык лазер борборунда” колдонулат. Хирург-офтальмологдордун профессионалдык деңгээли өтө жогору. Клиникада ысымдары дүйнөгө таанымал болгон дарыгерлер, медицина илимдеринин кандидаттары, Европанын катаракта жана рефракциялык хирургия коомунун (ESCRS) мүчөлөрү Ким Владимир Ухенович жана Ремесников Игорь Александрович операцияларды жасашат. 

Катарактаны жоюу операциясы боюнча муну билүү абдан маанилүү: мүмкүн болушунча эртерээк кайрылыңыз! Операцияны кечиктирбеңиз. Факоэмульсификация технологиясы пайда болгонго чейин чындыгында катарактанын бышып-жетилишин күткөн жана көздү аябай чоң кесип, катарактаны механикалык, орой жол менен алышкан. Бул эбак эле эскирип, колдонуудан чыгып калган методика, жада калса бул жол менен азыркыга чейин операция кылып келишет.  Азыркы учурда дүйнөнүн бардык өнүккөн өлкөлөрүндө көрүү бираз начарлаганда эле операция кылуу боюнча маселени көтөрүшөт. Балким, дүйнөдөгү туристтердин көпчүлүгү пенсионерлер экендигинин себеби ушунда чыгар! 
Сизди көрүүңүздү чектеткен катарактага жол бербеңиз, операцияны кечиктирбеңиз! 

 

КӨЗҮҢҮЗДӨГҮ КАТАРАКТАДАН БАШ ТАРТЫҢЫЗ!

Рекомендованные клиники