Толгоо жана төрөт учурунда өзүн кандай алып жүрүү керек?

Автор: Админ
Март 2, 2021

Эгер толгооңуз башталган болсо, дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок – бул абалды начарлатат. Бир нече терең дем алып, анан жакындарыңызга жардамга муктаж экениңизди айтыңыз.

Төрөт учурундагы дем алуу спорттук дем алууга окшош. Демек, мурун менен терең жана жай дем алып, ал эми ооз менен демди жай чыгаруу керек. Кош бойлуу аялдардын диафрагмагасына өтө күчтүү басым көрсөтүлгөндүктөн, алар өпкөнүн бүт көлөмүн колдоно алышпайт, бирок үстүнкү бөлүгү менен капысынан үшкүрбөй, жай дем алууга аракет кылышат.

Ооруканада жатканда ооруу сезиминен алаксып, дарыгерлердин айткандарын кунт коюп угуу абдан маанилүү. Бул учурда алар кантип ооруну басаңдатууну жана тынчтанууну айтышат. Алар сизге кыйкырышса да көңүлүңүздү чөгөрбөңүз, жана дарыгерлерге орой мамиле кылбаңыз, анткени, адамдар ар кандай болот. Кээде дарыгерлер толготуп жаткан аялдарды истерия абалынан чыгаруу үчүн жана тынчтандыруу үчүн кыйкырышат, ошондуктан кыйкырыкты оройлук катары кароого болбойт.

Төрөттүн өзүнө күчүңүздү үнөмдөөгө аракет кылыңыз. Эгерде сиз толгоо учурунда туруп, баса алсаңыз, анда аны төрөт бөлмөсүндө жасай аласыз. Дененин тик абалы жатын моюнчасынын кеңейүү процессин тездетүүгө жардам берет, демек, төрөттүн өзүн дагы.

Тынчсыздандырган ойлордон арылуу үчүн, кыйналып жатканда балаңыз жөнүндө ойлонуңуз, ушул жол менен сиз анын жарыкка чыгышына , жана сизге эне болуу кубанычын тартуулоого аракет кылып жатканыңызга өзүңүздү ишендириңиз. Балаңыздын дени сак жана күчтүү болуп төрөлүшү керек деп ойлонуңуз