Кайсы үй өсүмдүктөрү уйкуну жакшыртат?

Автор: Админ
Май 3, 2021

Үй өсүмдүктөрү көзгө гана жагымдуу болбостон, адамдарга  да чоң пайдасын алып келет. Алар жыпар жыты менен нерв системасын тынчтандырып, чарчоону басаңдатууга, магниттик нурланууну нейтралдаштырууга, жана ошондой эле эмеректерден, тазалоочу каражаттардан чыккан зыяндуу заттарды тазалоого жардам берет.

Биз оор жана узак иш күндөрүнөн кийин эс алчу уктоочу бөлмөгө уулуу эмес жана ачуу жыты жок гүлдөрдү койгонубуз оң. Анткени алар баштын оорушуна, кан басымдын жогорулашына, начар уйкуга же уйкусуздукка алып келиши мүмкүн. Өсүмдүктү сатып алардан мурун, ал жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк  маалымат алууга аракет кылуу керек. Мисалы, нымдуулукту жогорулатабы, же дезинфекциялоочу касиетке ээ болобу, түнкүсүн кычкылтек же көмүртек бөлүп чыгарабы билишибиз  керек.

Каланхоэ.

Бул Фен Шуй боюнча жакшы өсүмдүк болуп саналат. Ал кычкылтекти бөлүп чыгарат, нерв системасын тынчтандырат, стрессти басаңдатат жана түнү бою тынч уйку тартуулайт. Алардын көбү абаны тазалоого жардам берген бактерициддик касиетке ээ.

Үй гераны

Герань чыгарган пайдалуу заттар стафилококк менен стрептококкту өлтүрө алат, дезинфекциялоочу касиетке ээ; учуучу уулуу химиялык заттарды жана газдарды жок кылат. Үй гераны адамды тынчтандырып, уйкусуздукту жеңүүгө, кан басымын нормалдаштырууга жана баш басаңдатууга жардам берет. Аллергиясы барлар бул өсүмдүктөн этият болушу керек.

Алоэ.

Менимче, алоэнин дарылык касиети бар экенин баары билет жана анын ширесин суук тийгенде же жараланганда колдонушат. Бирок ал ошондой эле түнкүсүн уулуу заттарды жок кылат  жана кычкылтек бөлүп чыгарат.

Мирт

Бул өсүмдүктөн чыккан жыт психикага оң таасирин тийгизип, чарчоону жана стрессти азайтат.

Хлорофитум.

Бул өсүмдүк абаны жакшы нымдап, уулуу элементтерди нейтралдаштырат, зыяндуу магниттик нурланууну жок кылат, ошондой эле микробдорду өлтүрөт. Абаны жакшыраак тазалоосу  үчүн активдештирилген көмүрдү топурагы салынган идишке кошуу керек.

Лаванда

Анын жыты адамдын ден соолугуна жакшы таасирин тийгизет. Бул өсүмдүк төшөгүңүздүн жанында турганы жакшы, анткени жагымдуу жыт бир гана ырахат бербестен, нервиңизди тынчтандырып, эртең менен күчүңүзгө күч кошот.

Лавр

Эгер сиз бул өсүмдүктү үйдө кармасаңыз, анда ал абаны уулуу заттардан жакшы тазалап,  абаны жаңыртат - бул сиздин ден соолугуңузга оң таасирин тийгизет.
 

Жыйынтыктоо.

Эгерде сиз жакшы уктабасаңыз  иммундук жана нерв системасы жабыркайт, мээ түн ичинде кайра жаңыланбайт жана дененин клеткалары кайра калыбына келбейт. Бул ашыкча салмакка жана диабетке алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, сиздин уйкуңуздун сапаттуу жана таза болушу абдан маанилүү, анткени ал күнүңүздүн кандай өтүшүнө жана ошондой эле  жалпы жашооңузга чоң таасирин тийгизет.