Пневмония: дарылоо жана диагностика Бишкек шаарында

Себептери

Симптомы

Диагностика

Лечение

Профилактика

 

Пневмония(өпкөнүн сезгениши); бактериялык инфекция пайда кылуучу,бир же эки эки тараптуу өпкөнү жабыркаткан оору. Пневмония көбүнчө иммунитети начар учурда жана суук тийгенде пайда болот. Өпкөнүн ткандары вирустар жана бактериялар менен жабыркагандыктан  сезгенүү процесси пайда болот.

Көпчүлүгү пневмония жугуштуулугунан  күмөн санашат.Өпкөнүн сезгениши оорунун оор түрүн чакырган кургак учук,клебсиелла,микоплазма,жана башка  түрлөрүндө  жугуштуу болушу мүмкүн. Пневмония аба аркылуу адамдан адамга жугушу мүмкүн. Пневмонияны көбүнчө оорулуулар менен узак байланышта болгон медициналык кызматкерлер жуктуруп алышат.Оорунун мындай түрү көпкө созулат жана кыйынчылыктар менен коштолот, комплекстүү дарылоо дайындалат. Жаш балдардагы пневмония  эмчек курагындагы наристелерде көп кездешет жана өтө кооптуу,себеби баланын иммунитети калыптанган эмес жана алар бат суукка урунушат.Пневмониядан жылына 5 жашка чейинки наристелердин 20% зы кайтыш болот.Оору жалпы организмге кыйынчылык жараткандыктан майыптуулукка алып келет,өнөкөт ооруларды жаратат. Жаш баланын өпкөсүнүн сезгенишин жана сезгенүүгө мүнөздүү өпкөнүн кырылдагын ар бир  дарыгер эле таба албайт,себеби бул куракта оорунун диагностикасы бир топ эле оор.Балдардагы пневмонияны чоңдордукуна караганда дарылоо бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Оорунун козгогучтары жана жабыркоонун мүнөзүнө карата пневмония төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүнөт: Атипиялык (типсиз)—оорунун мындай түрүн төмөндөгүдөй коркунучтуу микробтор пайда кылат: микоплазма, клебсиелла, легионелла жана хламидиялар.Пневмониянын мындай түрү адамдан адамга жугат. Типтүү ( орусча атипичная) — өпкөнүн сезгенишинин кеңири таралган түрү,көбүнчө чоң адамдарда кездешет. Ооруну пневмококктор, гемофильдүү таякча, стафилококктор жана башка микробтор козгойт. Аспирациондук— көбүнчө балдарда кезигет,дем алуу жолдорундагы бактериялык бөтөн заттардан улам пайда болот. Булар тамак-аштын калдыктары же башка заттар болушу мүмкүн. Вирустуу— көбүнчө жаш балдарда вирустардан улам кезигет. Эки тараптуу — өпкөнүн эки тараптуу сезгениши. Оң тараптуу жана сол тараптуу — сезгенүү процесси оң же сол өпкөнү жабыркатат. Тамырдуу — пневмониянын бул түрүндө сезгенүү өпкөнүн тамырында жайгашат. Очоктуу — сезгенүү процесси өпкөнүн кичинекей аймагына тарайт. Оордугуна жараша жеңил, орто,оор пневмониянын түрлөрүнө бөлүшөт.Дарыгер оорунун деңгээлин оорулуунун өпкө ткандарынын жабыркоо өлчөмүнө жана оорунун белгилерине карата аныктайт.

Пневмониянын себептери

Өпкөнүн сезгениши дем алуу жолдорундагы ар түрдүү микроорганизмдерден пайда болушу мүмкүн.Вирустар дем алуу жолдоруна терең кирип пневмонияны пайда кылат.Иммунитет начарлаганда процесс өпкөнүн жаңы ткандарына тарап оору оор түрүндө өтөт. Пневмонияны көбүнчө клебсиелла жана пневмококк козгойт,алар өпкөнүн тканын жабыркатып,сезгентет. Пневмониянын себептери ар түрдүү патологиялык процесстер жана оорулар болушу мүмкүн: суукка урунуу жана вирустуу оорулар; ички органдардын ар түрдүү оорулары(жүрөк, бөйрөк,боор оорулары);  иммунитеттин төмөндөшү жана организмдин ооруга каршы туруу жөндөмүнүнүн начарлашы; узак убакыт тамеки тартуу; өпкөнүн жасалма вентиляциясы; операциядагы жалпы наркоз; кары курак; организмдеги ар түрдүү шишик процесстери ; көп убакыт алкоголь колдонуу; эпилепсия жана нерв системасынын башка бузулуулары. Пневмониянын негизги козгогучтарына төмөнкүлөр кирет: пневмококктор, стафилококктор; гемофильдүү таякча; вирустуу организмдер; клебсиелла; микоплазма, легионелла, хламидия, атипиялык козгогучтардын тобун түзүүчүлөр; пневмоцисттер; ичеги-карын жана көкириңдүү таякчалар, энтеробактериялар. Пневмониянын негизги белгилеринин арасында чоңдордо жөтөлдү айырмалашат,алгач кургак, туруктуу,кээде оорунун башталышында аз кездешүүсү мүмкүн. Пневмониянын өөрчүшүнө карата жөтөл нымдаша баштайт,былжыр жана жашыл түсто ириңдүү какырык бөлүнө баштайт.Жөтөлгөндө көкүрөктө жагымсыз оору пайда болот. Чоңдордо суукка урунуу жана вирустуу оорунун узак убакытка созулушу пневмониянын дагы бир белгиси болуп эсептелинет.Вирустуу оору эреже боюнча 1 жумага чейин созулат.Эгерде суук тийгенден кийин же сасык тумоодон соң 4 күндөн кийин абал кескин начарлап кетсе,анда организмде өпкөнүн сезгениши башталат.Дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлөт, атипиялык пневмонияда 37,1-37,5 градуска чейин көтөрүлөт. Эгерде адамда дене табы өтө бийик көтөрүлсө, дене табын түшүрүүчү дарылар жардам бербеген учурдагы абалды өпкөнүн сезгенүүсү деп тастыктасак болот.Дем алганда жана жөтөлгөндө көкүрөктө оору пайда болот,терең дем алуу кыйындайт. Жөтөлүү жана дем алуудагы оору пневмониянын белгилерине кирет.Сырткы белгилерден энтигүүнү,жүздүн кубаруусун,организмдин алсыздыгын,ашыкча тердөө,дене табынын жогорулашы жана табиттин начарлашын белгилешет. Балдардагы пневмониянын белгилери Дене табы 38 градуска чейин жана андан бийик сандарга чейин жогорулайт, дене табынын жогорулашы үч күндөн ашык кармалат,дене тапты түшүрүүчү дарылар жардам бербейт,эмчектеги наристелерде 37 градуска чейин температура кездешет.Балдардагы пневмониянын белгилери ууланууга окшош: алсыздык,ашыкча тердөө,табиттин начардыгы, апатия. Оорунун төмөнкүдөй сырткы белгилери пайда болот: ооздун айланасы жана тырнактар көгөрөт,жүзү кубарат,тердин тамчылары пайда болот. Балдардагы пневмонияда төмөнкүлөр орун алат: маанайсыз жана кыңыр жүрүм-турум,бала эч нерсеге кызыкпайт,алсырайт, табити жоголот.Диарея пайда болуп, кусуусу мүмкүн, эмчектеги балдар эмчек эмүүдөн баш тартышат.Тамак кургап, кез-кезде жөтөл пайда болот,андан соң жөтөл кургак тартып, бала ыйлаганда,тамактанганда тынымсыз жөтөлө баштайт.Убакыттын өтүшү менен жөтөл нымдашып,какырык чыга баштайт. Пневмониянын диагностикасы Бейтапка толук кандуу диагностика жүргүзүү үчүн аны жалпы кароодон өткөрүү ,пульмонологдун кеңешинен өтүү, кандын жалпы жана биохимиялык изилдөөсүн жүргүзүү,какырыкты изилдөө,көкүрөктүн рентгенографиясы жана компьютердик томографиясы,канды бактериалдык изилдөө,фибробронхоскопия керектелет. Пневмонияны дарылоо Пневмонияны дарылоодо антибиотиктер дайындалат. Антибиотик менен бирге бейтап какырыкты суюлтуучу,бронхторду кеңейтүүчү жана иммунитетти бекемдөөчү препараттарды кабыл алат. Дарылоо курсун бүтүргөн соң дем алуу системасын бекемдеп, калыбына келтирүү керек. Көп учурда бейтаптар пневмониядан ооруканада дарыланышат. Төшөккө жатуу жана тынчтык сунушталат.Оорунун себебин аныктоо үчүн какырыкты азык чөйрөсүнө себишет,сыйпамдан оорунун бардык сүрөтүн көрүү кыйын. Бейтап бир түрдөгү антибиотик ичет,оорунун оор түрүндө дарыларды бириктирип беришет.Адатта дарылоо курсу 10 күндөн 2 жумага чейин созулат.Эгерде дарылоо жардам бербесе, дарылардын башка тобу дайындалат. Балдардагы пневмонияны дарылоодо сөзсүз ооруканага жаткыруу талап кылынат.Балага антибиотик жашына жана оорунун оордугуна карата  дайындалат.Көбүнчө дарылар организмге жакшы сиңүү үчүн ийне саюу жолу менен дайындалат.Балдардын пневмониясын дарылоо процесси эки-төрт жумага кээде узакка созулуп кыйындашы мүмкүн. Эгер баланын дени сак болсо 2 жумада айыгып кетет,алсыз балдардын дарылануусу жана калыбына келүүсү узакка созулат.Терапиядан соң реабилитациялык процедуралар дайындалат. Бишкектин дарыканаларынан пневмонияны дарылоо үчүн препараттарды издөөнү биздин сайт аркылуу жүргүзүп, атайын медикаменттердин каталогунан табууну сунуштайбыз. Пневмониянын кабылдоолору Көп учурда бейтаптар пневмониядан толук айыгып чыгышат. Кээ бир учурда өпкөнүн туташтырма тканынын ашыкча өсүп кеткен учурунда,өпкөнүн айрым аймактары катып калганда жергиликтүү пневмосклероз пайда болот. Жабыркоонун кичине очогунда пневмосклерозду ретгенографиядан көрсө болот.Пневмосклероз өпкөнүн функциясына таасир этпейт жана клиникалык жактан билинбейт. Өпкөнүн жабыркоосунун негизги кабылдоолору:  плевранын сезгенүү процесстери; өпкө тканы эрип,ириңдүү массалар менен жергиликтүү  көңдөй жаралуусу; өпкө тканынын чексиз кеңири сезгенүүгө жакын бузулуусу; бронхтордон аба өтүү начарлаганда,энтигүү,дем алуунун кыйындоосу,дем алуу жетишпестиги менен коштолуусу; курч кармаган дем алуу жетишсиздиги. Өпкөнүн сыртында пайда болгон кабылдоолор: инфекциондук-токсикалык мүнөздөгү шок өпкөнүн сыртындагы эң оор кабылдоолордун бири; жүрөк булчуңунун жана жүрөктүн ички кабыгынын сезгениши ; мээнин кабыктарынын жана ткандарынын сезгениши; психикалык функционалдуулуктун четтөөлөрү; кандагы гемоглобиндин жана эритроциттин санынын азаюусу. Пневмониянын алдын алуу Пневмониянын алдын алуу чараларына төмөнкүлөр кирет:сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүү,Пневмо-23 препараты менен эмдөөдөн өтүү,ал пневмонияны чакырган пневмококктон сактайт.Жаш балдар ,65 жаштан жогору курактагылар ,өнөкөт оорусу бар адамдар үчүн вакцинация өтө маанилүү. Тамеки чеккендер өздөрүнүн өпкөсүн оорудан сактоо үчүн сөзсүз жаман адаттан арылуусу керек. Зыяндуу өндүрүштө иштеген жумушчулар дем алуу жолдорун респиратор тагып сактоолору керек. Пневмониянын профилактикасына жаштайынан организмди чыңдоо кирет,суукка урунуудан жана кооптуу күнгө күйүүдөн этияттануу,бөлмөнү желдетүү,чаңдардан арылтуу, нымдуу тазалоо керек. Суукка урунганда, вирустуу оору менен ооруганда, өз убагында өнөкөт ооруга өткөрүп жибербей дарылануу керек. Пневмония аз кыймыл менен жашаган бейтаптарда пайда болбошу үчүн аларга массаж кылуу керек, дарылоо жана дем алуу гимнастикаларын жасатуу керек, антиагреганттарды берүү керек. Өпкөнүн сезгениши аба аркылуу жугушу мүмкүн,ошондуктан оорулуулар менен сүйлошүүнү чектөө керек,вирустуу эпидемия учурунда көп топтолгон элдерге кошулбоо керек.Бейтапка кам көргөн медперсонал жумуш эрежелерин сактоо керек,ар дайым кол кап кийип,байланыштан соң колду дезинфекциялап,бет кап кийип,бейтап менен аралыкты сактоого тийиш. Жугуштуу бейтаптар бири биринен изоляция болгон,бөлөк бөлмөлөргө жаткырылат. Балдардагы пневмониянын алдын алуу балдардын жашоосунун биринчи күндорунөн маанилүү. Биринчи алты айлыкта балдарды иммунитети жогору  жана дени сак болуусу үчүн эмчек сүтү менен гана багуу керек.Эненин сүтүндө алмаштыргыс,баалуу заттар,аминокислоталар бар. Балдарды жаштайынан денесин чыңдап,гимнастика менен машыктырып,таза абада көп сейилдетүү керек.Наристенин бөлмөсү өзгөчө уктаардын алдында жакшы желдетилип,чаңдан,кирден тазаланып туруу абзел. Үйдө нымдуулук болбош керек,анткени ал пневмониянын өөрчүүсүнүн кооптуу факторлорунун бири. Окумуштуулар балдардагы пневмониянын пайда болуусун цинк төмөндөтөөрүн изилдеп чыгышкан. Курамында цинк бар азыктар-кызыл эт,деңиз азыктары,дан азыктары,буурчак өсүмдүктөрү.Цинкти атайын азык кошумчалары катары кабыл алса болот.Изилдөөлөр көрсөткөндөй бул минералды балдардын азыгына кошкондо пневмония оорусунун жыштыгы бир топ азайган.Жаңы төрөлгөн ымыркайларга күнүнө 5 мг сунушталат,бир жаштан төрт жашка чейинки балдарга күнүнө 10мг цинк сунушталат.Минералды өз алдынча балдар дарыгеринин көзөмөлүсүз ичирүү сунушталбайт.

Бул баракчада Пневмония оорусун дарылоо менен адистешкен дарыгерлердин рейтингтери, баалары жана пикирлери көрсөтүлгөн