Эмне үчүн жаңы кийимдерди жууп кийүү зарыл?

Автор: Админ
Июль 1, 2021

Дарыгерлер жаңы  кийимдерди сатып алгандан кийин  аларды 2 жолу толук жуумайынча  кийбөөнү сунуштайт. Мындай жол менен сиз өзүңүздү айрым оорулардан жана аллергиялык реакциялардан коргойсуз.

Колумбия университетинин медициналык борборунун дерматологдорунун айтымында  соода борборлорунан, интернет -дүкөндөрдөн жана башка соода түйүндөрүнөн сатып алынган кооз, модалуу жана түстүү кийимдер  ден соолук үчүн олуттуу коркунуч туудурат. Анткени өндүрүш процессинде кездемени иштетүү жана аны боё , ошондой эле сактоо үчүн  ар кандай химиялык заттар колдонулат. Биттер жана кенелер болсо кездемелердин үстүндө мурун кийип көргөн , бирок сатып албаган кардарлардан калат.

Жаңы Зеландиянын илимпоздору изилдөө жүргүзүп, Кытайдын продукциясында (тагыраак айтканда кийимде) зыяндуу химиялык заттардын деңгээли нормадан 900 эсе ашып кеткенин аныкташкан.  Азо боёктору жана анилин боёктору  бөрү жатышка  жана  аллергиялык дерматитке алып келиши мүмкүн.

Ал эми эң коркунучтуу зат - бул формальдегид, ал сактоо жана ташуу колдонулат. Белгилүү болгондой, формальдегид катуу аллергиялык реакцияларды пайда кылып, рак оорусунун пайда болуу коркунучун жогорулатат. Жаңы нерселерсиз жашай албай турганыңыз түшүнүктүү! Бирок баш биттери, котур, аллергиялык көрүнүштөрдүн коркунучун азайтуу жана зыяндуу шишиктердин пайда болуу коркунучун жогорулатпоо үчүн, буюмду сатып алгандан кийин 2 жолу жууп , кездеменин түрүнө карабай, кошумча чайкоо сунушталат.