Кош бойлуулукту пландоо

Автор: Админ
1 марта 2021 г.

Кош бойлуулукту пландаштыруу чындап эле маанилүү, айрыкча азыр, дени сак аял дени сак эмес аялга караганда көбүрөөк таң калуу жараткан учурда. Кош бойлуулук - дени сак аялдын да организми үчүн олуттуу сыноо экенин унутпайлы.

Кош бойлуулукка алдын ала даярдыксыз умтулуу - бул текшерилбеген учакта учуу менен барабар деп айтсак болот: балким, бул иш ийгилүктүү аякташы мүмкүн ,балким жок. Албетте, учактар ар бир учуунун алдында текшерилет. Анда эмне үчүн жаңы адамга өмүр берүүгө даяр болгон аял өзүнүн денесин ушундай текшерүүдөн өткөрбөйт?

Кош бойлуулукка даярдануу процесси татаал жана бир нече этаптан турат.

Ал эми кош бойлуулукту пландаштыруу стадиясынан баштап, баланы көтөрүү жана төрөө аялдын гана иши эмес, жубайлардын иши экенин түшүнүү керек.

Ар бир кыз, бир гана дени сак аял дени сак баланы төрөй аларын түшүнүүсү маанилүү. Жакшы физикалык форма, өнөкөт оорулардын жоктугу, туура тамактануу жана жаман адаттардан баш тартуу, гигиена эрежелерин сактоо жана туура жашоо образы - мунун баары аялдын организмине жакшы таасирин тийгизет жана кийинчерээк кош бойлуулуктун өтүшүн жеңилдетет. Бирок, бардык витаминдерди тамактан алуу мүмкүн эмес. Мисалы, организм фолий кислотасын жасалма түрдө гана ала алат, анткени анын жашылчаларда, буурчакта, спаржа менен цитрус жемиштеринде камтылган аналогу (фолат) алда канча аз сиңет. Фолий кислотасы баланын туура өсүп-өрчүшү үчүн абдан маанилүү. Эгерде эненин организми баланы көтөрүп жаткан учурунда бул заттын жетиштүү көлөмүн алса, анда ал нерв системасынын ооруларыгын пайда болуу коркунучун минимумга түшүрөт.

Жубайларга кош бойлуулукту пландаштыруудан мурун кандай анализдерди тапшыруусу зарыл?

  1. Гинекологдун текшерүүсү, кольпоскопия - аялдар үчүн.
  2. Кан тобу, жубайлардын экөөнөн тең резус -фактор.
  3. Инфекцияларга тесттер: кадимки мазок, жашыруун инфекцияларга ПЦР - жубайлардын экөө үчүн.
  4. TORCH-комплексине кан анализи.
  5. Стоматологго, терапевтке, көкүрөк флюорографиясына баруу жубайлардын экөө үчүн тең милдеттүү. Терапевт башка адистердин консультациясын туура көрсө (ЛОР -врач, уролог, эндокринолог, кардиолог).
  6. Спермограмма. Каалоо боюнча, бирок талап кылынбайт. Бул сперманын сапатын аныктоо жана жашыруун сезгенүү процессин аныктоо үчүн жасалат.
  7. Кичи жамбаш органдарынын УЗИси - циклде жок дегенде 2 жолу: этек кир келгенден кийин жана этек кир келгенге чейин. Биринчи жолу кичи жамбаш огандарынын жалпы абалы бааланат, экинчисинде сары дененин болушу жана эндометриянын трансформациясы, бул овуляция болгонун көрсөтөт.
  8. Репродуктивдүү системасынын, калкан безинин гормондорун текшерүү үчүн кан анализи - көрсөтмөлөр боюнча.
  9. Калкан безинин УЗИси, сүт бездеринин УЗИси - көрсөтмөлөр боюнча.
  10. Гемостазиограмма, коагулограмма. - көрсөтмөлөр боюнча.
  11. Кандын жалпы клиникалык анализи Зааранын жалпы анализи.
  12. Сифилиске, ВИЧке, В жана С гепатитине кан тапшыруусу жубайлардын экөөнө тэң зарыл.